Ссылки доступа

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги реформаланат


Москвада жума күнү өтө турган КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда негизги тема катары бул уюмду реформалоо маселеси каралмакчы. Бул туурасында өздүк булактарга шилтеме берүү менен «Коммерсантъ» кабарлады.

Маалыматка караганда, реформалоо демилгеси Казакстанга таандык. Астана КМШны ЕАЭБ жана ЖККУ сындуу интеграциялык уюмдардын функцияларын кайталабаган, бирок өзүнө мүчө болгон 11 өлкө үчүн курч аймактык көйгөйлөрдү чечүүчү альянс катары көргүсү келет. Мисалы Украина менен Карабактагы кризистер сыяктуу маселелерди талкуулай турган чакан уюм катары өзгөртүп түзүү зарыл деп эсептейт.

Азыр ага төрагалык кылып жаткан Кыргызстан да КМШны өзгөртүүгө мезгил жетти деп эсептейт. Кыргызстандын ТИМи “Коммерсантка» маалымдагандай, Бишкек КМШнын тармактык органдарын өркүндөтүү жана реформалоо, артыкбаш жумушчу түзүмдөр менен катчылыктарды кыскартуу сунуштарын колдойт.

Орусия жалпысынан КМШ ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө каршы эмес, бирок “реформа” деген терминди колдонууга макул эмес экендиги маалымдалды. Ал эми КМШ Аткаруу комитетиндегилер уюмдун ишиндеги көптөгөн алешемдиктер “ага көз каранды болбогон объективдүү себептерге байланыштуу” экендигин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG