Буга чейин Армениянын президенти Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын кабыл ала тургандыгын билдирген. Анын айтымында, согуштук аракеттердин чиелениши бир гана Түштук-Кавказдын эмес, Европа чөлкөмүнүнүн коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Азербайжан болсо, Армения толугу менен аскерлерин чыгарып кеткенде гана ок атууну токтоторун жарыялаган.
Тоолуу Карабакта жаңжал 2-апрелге караган түнү тутанган. БУУ курман болгондордун саны 30дан ашып, жаракат алгандар 200дөн кем эмес экенин кабарлаган.
Шейшембиге караган туну Тоолуу Карабакта кырдаал курч бойдон сакталган.