Ссылки доступа

Тергөөчүлөр Умарали Назаровдун өлүмүндө дарыгерлердин күнөөсүн тапкан жок


Путербургда 5 айлык тажикстандык наристе Умарали Назаровдун өлүмү үчүн дарыгерлердин күнөөсү табылган жок. Бул туурасында Петербургдун балдардын укугун коргоо боюнча атайын өкүлү Светлана Агапитова шаардык кеңештин жыйынында билдирди.

Ал баланын өлүмү туурасындагы фактыны иликтөө уланып жатканын баса белгиледи. Агапитованын айтымында, легалсыз мигранттарды кармаган полицияга жана Федералдык миграция кызматынын башкармалыгына карата тергөөнүн бир нече суроолору калды.Чарчап калган наристенин ата-энесине карата козголгон кылмыш иши дагы териштирилүүдө. Аларга “жашы жете элек баланы тарбиялоодо өз милдетин аткарбай коюу” беренеси менен айып тагылган.

13-октябрда наристенин энеси миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалган. Полиция Умарали Назаровду тартып алгандан кийин бир нече саатка жетпей ал Петербургдагы ооруканада чарчап калган. Судмедэкспертизанын жыйынтыгы боюнча вирустук инфекциядан улам жүрөк кемтиги пайда болуп, бала кайтыш болгон. Бирок наристенин ата-энеси буга ишенбейт. Алардын айтымында Умарали ага чейин эч качан сыркоологон эмес.

XS
SM
MD
LG