Ссылки доступа

Жаңжал ордуна спорттук таймаштар


Тажикстан менен Кыргызстандын бийлиги чек ара  аймактарында жаңы жаңжалдарды болтурбоо максатында майрамдык иш-чараларды жана спорттук мелдештерди байма-бай өткөрүүгө басым жасоодо.

Эки өлкөнүн жарандары катышкан майрамдык жолугушуулар менен мелдештер Исфара жана Баткендин, Б.Гафуров менен Лейлектин чектеш айылдарында өткөрүлдү. Жергиликтүү калк бул демилгени колдоду.

Гафур районунун Овчи-Калача Бобожон айылдык кеңешинин төрагасы Эражбой Жураев аталган айыл менен Кыргызстандын Лейлек районунун Кулунду айылынын футболдук командаларынын ортосундагы оюнга жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышкандыгын айтты:

-Спорттук таймаштар өтө кызыктуу өттү. Бул тургундардын өз ара мамилесинин жакшырышына көмөкчү болот. Ошондуктан мындай спорттук таймаштарды көбүрөөк уюштурууга аракет кылабыз.

Баткен менен Исфаранын артисттери Исфаранын маданият үйүндө концерт уюштуруп беришти. Ал эми Лаккон айылынын жашоочулары кыргыздардын Карабак айылынын тургундары менен биргеликте сугат каналынын бир нече чакырымын тазалап чыгышты. Нооруз майрамын белгилөө учурунда бири-бирине конокко барып, бир дасторкондон даам сызып, жылуу мамилелерин бекемдешти.

Жылына жаз алды менен Тажикстан менен Кыргызстандын чектеш аймактарындагы тургундардын ортосунда жерге жана сууга байланышкан чыр-чатактар болуп турат. Бирок бул жылы эки өлкөнүн бийлиги ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөрүү, спорттук мелдештерди уюштуруу аркылуу эки элдин достугун бекемдеп, жаңжалдардын алдын алууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG