Ссылки доступа

Брюсселдеги жанкечти Европарламентте имарат тазалоочу болуп иштеген


Евробиримдиктин басма сөз кызматы 22-марттагы теракттарды жүзөгө ашырды деп шектелген адамдардын бири Европарламентте имарат тазалоочу болуп иштеп кеткенин ырастады.

Анын аты-жөнү ачык айтылган жок. Бирок кеп Брюсселдин аэропортунда өзүн жардырган 25 жаштагы Нажим Лаашрауи тууралуу жүрүп жатканы болжолдонууда. Ал 2009-2010-жылдарда студент кезинде, жайкы эс алуу учурунда парламентти тейлеген тазалоо компаниясында иштегени айтылууда.

Ал мындан тышкары 13-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги теракт учурунда “жанкечтилер үчүн жарылуучу кемер” даярдап берген деп шектелүүдө.

22-мартта аэропорттун учуу залында эки жанкечти-террорчу өзүн жардырып жиберген. Ага удаа калаадагы метродо жардыруу болуп, кош жардыруулар 30дан ашуун өмүрдү кыйган. Бул чабуул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчиликти өзүнө алган.

Буга чейин Бельгия өкмөтү Брюсселдеги теракттын алдын алууда жөндөмсүздүгү үчүн сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG