Кечээ прокуратура Абрини Брюсселдин аэропортунда март айындагы жарылуу болгон күнү видеокамерага түшүп калган эки жангечтинин жанында турган шлаяпачан адам экендиги аныкталганын билдирди. Жума күнү рейд учурунда кармалган Абрини Париждеги теракт үчүн изделип жаткан акыркы шектүү болчу. Ал теракт 130 кишинин өмүрүн алган.
Көзөмөл орган билдиргендей, кармалгандар Парижде жаңы теракт уюштурууга аракет кылышкан. Бирок иликтөөлөрдүн ыкчам жүрүп жатканын көрүп, максаттарын Брюсселде орундатышкан.
Мындан тышкары ишемби күнү теракт үчүн швециялык Осама Крайемге айып коюлду. Ал да Брюсселдеги жарылууда метродо жүргөнү байкалган.
Мындан тышкары Бельгиянын күч түзүмдөрү Брюсселде 22-марттагы жардырууларга тиешеси бар деп шектелген алты жаранды кармашкан. Ал күнү үч жанкечтинин өзүн-өзү жардыруусунан 32 киши каза болгон. Алган жаракаттарынан улам кийин дагы үчөө көз жумду.