Ссылки доступа

Гүлнара Каримованын жеке бухгалтери 18 жылга кесилди


Өзбекстан президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын коммерциялык уюмдарынын биринде жогорку кызматта иштеген Нурмухаммад Садыков 18 жылга кесилди. Ал “Нурик” деген каймана аты менен белгилүү.

Бул туурасында “Борбордук Азиядагы адам укуктары” ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, Нурмухаммад Садыков көп жылдар бою Гүлнара Каримованын жеке бухгалтери болуп иштеген.

Үч жыл мурун Садыков Бириккен Араб Эмираттарынан келген учурда Ташкент аэропортунан кармалган. Ага каржылык көз будамайлоо боюнча айып тагылган.

Эске сала кетсек, эки жыл мурун Өзбекстандын тергөө органдары Гүлнара Каримовага жакындыгы бар бир катар адамдарды коррупциялык иш-аракеттерге катыштыгы бар деген айып менен кармаган. Алар президенттин кызынын телекоммуникациялык компаниялардан ири суммада пара алгандыгына байланышы бар деп шектелген. Бул коррупциялык чыр-чатакты АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн тергөө органдары иликтөөдө. Кармалгандардын арасында Гүлнаранын жарандык никедеги жолдошу Рустам Мадумаров жана жеке жардамчысы Гаяне Авакян да бар.

2014-жылы Мадумаров менен Авакян адам уурдоого шектелип, Өзбекстандын аскерий соту тарабынан бири 9 жылга, экинчиси 6 жылга эркинен ажыратылган.

Уурдалган адам - Нурмухаммад Садыков болгон. Надежда Атаеванын сөзүнө караганда, Гүлнара Каримовага жакындыгы бар адамдардын иши боюнча бардык жараяндар, анын ичинде Садыковдун соту жабык эшик артында өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG