Ссылки доступа

Тажик элчилиги: Сулаймонго кол салуу адилет иликтениши керек


Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын ТИМине нота жөнөттү. Анда тажик мигранты Сулаймон Саидовго болгон куралдуу кол салуунун калыс иликтениши талап кылынган.

Окуя 8-апрелде Москвадагы “Калужская” метросунун станциясында болуп өткөн. 58 жаштагы Сергей Царев менен Сулаймон Саидов метронун вагонунда чатакташа кетип, Царев мигрантка “Оса” травматикалык тапанчасынан ок чыгарган. Ок анын башына тийген.

Жараланган мигрантты ошол замат №1 клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Азыр ал оорукананын жалпы бөлүмүнө которулду. Дарыгерлердин айтымында, ден-соолугу канааттандыраарлык абалда.

Чатакта Царев коргонууга мажбур болгон деген орусиялык ММКлардын тыянагын жабырлануучу четке какты.

Сулаймон Саидовдун маалымдашынча, кол салган адам мас болчу. Жээни Мухаммаджон экөө вагонго киргенде эле ал жээнине тийише баштаган. «Үч мүнөттөн кийин өлөсүң» деп коркутуп, анан башыма тапанчасын такап туруп атып жиберди”, - дейт жабырлануучу.

Окуядан кийин Царев ал жерден качып кеткен, бирок тапанчасы ошол жерге түшүп калган. Полиция кызматкерлери аны ошол тапанчанын аркасы менен тез эле колго түшүрүштү. Царевго каршы Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG