Ссылки доступа

Өзбек мигранттары Стокгольмдо мечит салышат


Швециянын борбор шаарында курула турган үч кабат имаратка 500 миң АКШ доллары сарпталып, ал 2 миң чарчы аянтты ээлемекчи. Мечиттен тышкары Ислам маданий жайында билим берүүчү борбор, бала бакча, конференц-зал жана спорт зал, ошондой эле дүкөндөр жайгаштырылат.

Бул кадамды демилгечилер Стокгольмдо мусулмандар үчүн мечиттердин жетишсиздиги менен түшүндүрүүдө. Маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө 6 жыл убакыт талап кылынган. Курулуш иштери 25-апрелде башталып, эки жылга созулаары пландаштырылууда.

Швецияда жашаган өзбек тектүү Абдулхамид Раимовдун билдиришинче, объект мусулмандар өз ыктыяры менен берген каражатка курулат.

10 миллион калкы бар Швецияда бүгүнкү күндө дээрлик 600 миң мусулман жашайт.

Швециянын Статистика департаментинин маалыматына караганда, алардын ичинен 3,5 миңи – өзбектер.

XS
SM
MD
LG