Ссылки доступа

Казакстан: окуучуну калем сап менен көзгө сайган мугалим соттолду


Калем сап көзүнө тийип көрбөй калган окуучуну ата-энеси алигиче мектепке жиберүүдөн коркуп жатышат.

2015-жылдын 12-ноябрында Арал районунун Камыстыбас айлындагы №21 орто мектептин тарых мугалими Куаныш Аманов Айбек Сарыбаев аттуу окуучуну калем сап менен көзгө чаап жиберген. Ошондон бери баланын сол көзү көрбөй калды.

Айбек Сарыбаевдин айтымында, акыркы сабакка жакшы даярданып келген. Алтынчы класста сүрөт тартуу боюнча чейректен “төрт” чыккан. “Менин артымда отурган кыз “байкуш, төрт алып калдыңбы” дегенинен эмне үчүн мен “байкуш” экенмин деп артты карай койсом, мугалим “түз отур” деп урушуп, калем сап менен чаап жиберди”,-дейт Айбек.

Калем сап анын сол көзүнө тийип, жылуу суюктук агып кеткен. Окуучу көзүнүн ооруп жатканын айтса, мугалим укпай, “экинчи көзүңдү оюп алам” деп коркуткан. Бул тууралуу ал эч кимге айткан эмес, бирок көзү көрбөй калган.

Дарыгерлердин аныктамасы боюнча көздүн нерв ситемалары жабыркаган. Айбек болсо “карегим соолуп калды” деп ойлойт.

2016-жылы Арал райондук соту Куаныш Амановдун беш жыл кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салды жана 1 миллион 585 миң 600 тенге айып пул чегерди. Мектеп директорунун айтымында, жабырлануучуга маралдык кенемте ирээтинде 1 миллион 500 миң тенге жана материалдык зыянды толуктоо үчүн 72 миң тенге төлөп берүүгө милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG