Линкявичюс белгилегендей, Савченкону соттоого катышкан судьялар, прокурорлордун Литвага киришине тыюу салынды. Тизмеде баардыгы болуп 46 адам бар жана ал дагы толукталат.
“Савченконун тизмесинен” тышкары Олег Сенцов менен Александр Кольченкону айыптоого тиешеси барлар дагы Литвага бара албай турган болду.
Литва соттук иштерди тааныбай тургандыгын, себеби алар бурмалангандыгын билдирди Линкявичюс. Тыюу салынгандардын тизмесине судья, прокурорлордон башка өзүн-өзү Донецк жана Луганск республикасы деп жарыялап алган чөлкөмдөрдүн айрым ишмерлери дагы киргизилди.
Евробиримдиктин ичинен Литва ушундай тизме түзгөн биринчи өлкө. Вильнюстун мындай кадамын башкалар дагы колдойт деп үмүттөнөт министр.