Комитет төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбоору экинчи окууда эки түзөтүүгө кабылганын билдирди.
- Биринчиден, эл аралык бейөкмөт уюм дегенге так аныктама беришибиз керек, экинчиден, алар ачык өз бюджетин жарыялоосу кажет. Биз тараптан бейөкмөт уюмдардын укугун бузуп жаткан эч кандай берене жок, - деди Скрипкина.
Жыйынтыгында долбоор талкууланбастан комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болду.
Комитеттин отуруму өтүп жаткан учурда Жогорку Кеңеш имаратынын сыртында укук коргоочулар митинг өткөрүп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын билдиришти.
Мыйзам долбоору эртең пленардык жыйында каралат.