Ссылки доступа

АКШ Казакстандагы адам укуктарынын бузулушун сынга алды


2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо жөнүндөгү баяндамада “өкмөттү эркин жана адилет шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелгендиги” сынга алынган.

Отчетто “1-январда күчүнө кирген кылмыш-жаза жана административдик кодекстер, ошондой эле соода союздары жөнүндөгү мыйзам жарандык эркиндиктерге жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө” деп белгиленген. Баяндамада адам өлтүрүүлөр, жоокерлердин өлүмүнө алып келген армиядагы уставдан тыш мамилелер, камактагыларга карата колдонулган кыйноолор менен зомбулуктар, түрмөлөрдөгү оор шарттар жөнүндө да сөз болгон.

Авторлор белгилегендей, өлкөдө коррупция кеңири кулач жайган. Бийликтеги адамдар жана өкмөт менен укук коргоо органдарында тааныштары барлар жазасыз калууда.

XS
SM
MD
LG