Ссылки доступа

Украина жаңы өкмөт түзүү боюнча келишимге жетишти 


Гройсман жана анын өкмөтү 10-апрелде отставкага кеткен Арсений Яценюктун министрлер кабинетин алмаштырат. Ал коррупциялык жаңжалдар, өлкөнүн чыгышындагы согуштук аракеттердин айынан кызматынан чегинген.

Өкмөттүн курамын жана түзүмүн макулдашуу үчүн Яценюктун “Элдик фронт” партиясы менен президент Петр Порошенконун партиясы 10-апрелден тарта чыңалган кырдаалда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Украин парламентинин айрым мүчөлөрү коалициялык келишим узак мөөнөттүү талаш-тартыш жана макулдашуулардан кийин жактырылганын тастыкташты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен башка кызматтардын баардыгы талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG