Ссылки доступа

Балтика: орусиялык сокку уруучу учактардын опурталдуу ыкмалары 


Америкалыктар Балтикадагы орус учкучтарынын иш-аракеттери опурталдуу жана кырсыкка алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

АКШ Куралдуу күчтөрү орусиялык Су-24 согуштук учагынын Балтика деңизиндеги “Дональд Кук” америкалык эсминецтин жанындагы аракеттерин сүрөткө жана тасмага түшүрүп алган. Анда учак учуунун коркунучтуу ыкмаларын колдонгонун көрүүгө болот.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Европа командачылыгынын өкүлү учактын эсминецке өтө жакын бийиктикте учуп өтүшүн “агрессивдүү” деп атады.

"Бизди мындай кооптуу ыкма тынчсыздандырат”, - деп билдирди командачылыктын өкүлү.

Бул өңүттөгү иш-аракеттер эки өлкө ортосундагы чыңалууну пайда кылып, өлүмгө кириптер кылган кырсыктын себепчиси болуп калышы мүмкүн экендиги белгиленген.

Окуя эл аралык деп таанылган сууларда 11-12-апрелде болуп өткөн.

XS
SM
MD
LG