Ссылки доступа

Тажикстан президентинин кызы депутат болушу мүмкүн


Тажикстан президентинин Аткаруу аппаратынын жетекчиси, мамлекет башчысынын кызы Озода Рахмон Дүйшөмбү шаарынын элдик депутаттары тарабынан өлкө парламентинин жогорку палатасына депутаттыкка көрсөтүлдү.

Анын талапкерлиги №4 шаардык шайлоо округу боюнча сунушталууда. Бул туурасында "Азаттыктын" тажик кызматына өздүк булактар кабарлады.

Ал ортодо “Азия-Плюс” маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен Озода Рахмондун талапкерлиги альтернативасыз көрсөтүлгөндүгүн белгилейт.

№4 шайлоо округу боюнча тандоо 29-майда шаардык мажилистин жана баш калаанын төрт райондук мажилисинин депутаттарынын биргелешкен отурумунда болот.

Буга чейин бул округда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Бахтиёр Худоёрзода иштеп келген. Ал январдын аягында Борборук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалып, сенаторлук ыйгарым укуктары токтотулган болчу.

Озода Рахмон 38 жашта, 5 баланын энеси. Юридика илимдердин кандидаты. Ал 2005-2007-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчилигинин маданият бөлүмүндө иштеген. 2007-2009-жылдары Тажикстан ТИМинин консулдук башкармалыгын жетектеген. 2009-2014-жылдары Тажикстан тышкы иштер министринин орун басары, 2014-жылдын 15-майынан бери ТИМ министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2016-жылдын 27-январында Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

Тажик парламентинин жогорку палатасынын мүчөлөрү төмөнкү палатанын депутаттарынан айырмаланып, түз добуш берүү аркылуу шайланышпайт. Сенаттын 33 мүчөсүнүн 25и депутаттардын биргелешкен отурумунда жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Калган 8 мүчөсү өлкө президенти тарабынан дайындалат. Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов Милли Мажилистин өмүр бою мүчөсү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG