Ссылки доступа

Москвада мигранттар жапырт тамакка ууланды


Орусиянын баш калаасында негизинен Өзбекстан жана Тажикстандан барып иштеп жаткан жүздөн ашуун мигранттар тамакка ууланып, ооруканага түштү.

BBC кызматы бейшембиде тараткан кабарга ылайык, Москвадагы курулуш компанияларынын биринде иштеп жаткан мигранттар кечки тамакка берилген картошка жана тоок этинен ууланган болушу мүмкүн.

“ЭТМОС” коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Каримжон Еров билдиргендей, жумушчулар иш орундарын жоготуп алуудан коркуп, бул окуя тууралуу ачык айтып берүүдөн жазганып жатышат. Жүздөгөн адам ооруканага жеткирилди. Тез жардам кызматы айрымдарынын өмүрүн сактап калуу үчүн түз эле көчөөдө ыкчам медициналык жардам көрсөттү.

Орусиядагы курулуш компанияларында эмгектенип жаткан мигранттар гигиеналык эрежелер начар шартта иштеп, аларга кызмат көрсөтүүнүн деңгээли да нормаларга ылайык эместиги айтылат.

XS
SM
MD
LG