6 баллдык магнитуда имарттарды уратты. Бийлик атомдук электрстанцияларга коркунуч жок деп ишендирүүдө. NHK телеканалы цунами пайда болот деген түйшөлүү азырынча жок экендигин кабарлоодо.
Бир адамды имарат басып калды, экинчиси- жер титирөө учурунда тутанган өрттүн кесепетинен жан берди. 400дөн кем эмес адам ооруканага жаткырылды. Курмандыктар артышы мүмкүн. Кумамото шаар бийлигинин өкүлүнүн маалыматы боюнча он киши набыт кетти. Кюсю аралында миңдеген адам үйлөрүн таштап тышка чыгышты.