Ссылки доступа

Өзбек мигранттарынын Ислам Каримовго суроолору жок болуп чыкты (видео)


У мигрантов нет вопросов к президенту
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Орусия президенти Владимир Путин “Түз байланыш” учурунда жарандардын суроолоруна жооп берип, калктын көйгөйлөрүн чечүү үчүн чиновниктерге түздөн-түз тапшырма берүүсү  салтка айланды. Анын бул жөрөлгөсү постсоветтик өлкөлөрдүн башчыларына жайылчудай эмес.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бийлиги Орусия жетекчилигинин аракеттерин туураганга маш. Бирок Владимир Путиндин “түз байланыш” уюштуруу тажрыйбасын колдонууга шашылышкан жок. Чөлкөмдүн айрым мамлекеттеринде президенттин басма сөз жыйыны да сейрек көрүнүш болуп саналат.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө президенттер алдын ала даярдалган жарандар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Бул ыкма көпчүлүк үчүн көнүмүшкө айланган. "Азаттыктын" өзбек кызматы өзбек мигранттарынын арасында атайын эксперимент жүргүзгөн. Бөтөн жердеги оор жашоосуна карабастан, бул жарандар президентке эч кандай суроосу жок экендигин айтышкан. Сурамжылоо 14-апрелде 100гө жакын мигрант ууланып Москванын ооруканаларына жеткирилген учурда жүргүзүлгөн.

У мигрантов нет вопросов к президенту
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

XS
SM
MD
LG