Ссылки доступа

Мунай экспорттоочу өлкөлөр келишимге жетишкен жок


Дохадагы жолугушууга Иран өкүлүнүн келбей калышы чечим кабыл алууда маселени татаалдаштырды.

Жекшемби күнү Катарда мунай экспорттоочу өлкөлөр нефтинин баасын турукташтыруу үчүн аны өндүрүү деңгээлин төмөндөтүү маселесин талкуулады. Бирок чечим кабыл алынган жок. Bloomberg агенттиги билдиргендей, мындай абал каатчылыктан чыгуу жолдорун тунгуюкка кептеди.

Мунайды өндүрүүнү кыскартууга багытталган келишимдин долбооруна ылайык, баардык тараптар документке кол коюшу керек болчу.

Дохадагы конференцияга 15 мамлекеттин өкүлдөрү - негизинен ОПЕКтин (Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму) мүчөлөрү, мындан тышкары Орусия өңдүү бул уюмга кирбеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жыйналган.

XS
SM
MD
LG