Ссылки доступа

Бразилиянын парламенти президенттин отставкасы үчүн добуш берди


Дилма Русефти Бразилиянын ири мунай компаниясынан акчаларды алып чыгуу боюнча коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп айыпташууда. Бразилия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары өлкө президенти, 68 жаштагы Дилма Русефке импичмент жарыялоону колдоп добуш беришти.

Алар Конситуцияда талап кылынгандай депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушун топтой алышты.

Бразилиянын башкаруучу партиясы саясий чечим учурунда утулуп калгандыгын мойнуна алды. Импичмент үчүн 342 добуш керек болсо, 367 депутат президентти кызматтан кетирүүнү колдоду. 137 депутат гана импичментке каршы добуш берди.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы добуш берүүдөн кийин импичмент маселесин Бразилиянын сенаты карамакчы. Добуш берүү май айынын башында болот. Эгер сенаторлор Русефти колдобой койсо, аны бийликтен 180 күнгө – маселе парламенттин жогорку палатасында каралып бүткүчө бийликтен четтетип коюшат. Президенттин милдетин убактылуу түрдө 75 жаштагы вице-президент Мишель Темер ээлейт.

Каршылаштары Русефти 2014-жылдагы президенттик шайлоонун алдында өлкөнүн бюджеттин таңкыстыгын жашырып койгон деп айыпташууда (ал мезгилде Русеф экинчи мөөнөткө шайланган болчу). Ошондой эле Бразилиянын Petrobras ири мунай компаниясынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп күнөөлөшүүдө.

Социалдык сурамжылоолор болсо бразилиялыктардын 60 пайызы Бразилиянын алгачкы аял-президентине импичмент жарыялоону колдой тургандыктарын көрсөттү. Анын үстүнө Русефтин өкмөтү менен Эмгекчилер Партиясынын өкүлдөрү акыркы жылдары мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүп, бразилиялык экономикасына карата протекционисттик саясат жүргүзүп келген. Мунун натыйжасында өлкө он жыл мурун эле сезилээрлик байкалып келе жаткан өсүү ыргагын дээрлик жоготуп алган.

XS
SM
MD
LG