Ссылки доступа

Сирия оппозициясы Женевадагы сүйлөшүүлөрдө “тыным берүүнү” өтүндү


Сирия оппозициясынын өкүлдөрү БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистурага Женевада өтүп жаткан жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отурумун кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Маалымат агенттиктери оппозиция делегациясынын мүчөлөрүнө шилтеме берип кабарлашынча, көтөрүлүшчүлөрдүн өкүлдөрү “атайын шарттар түзүлгөнчө” сүйлөшүүлөргө “тыным жарыялоону” суранган.

Сирия оппозициясы өкмөттүк аскерлерди убактылуу ок атышпоо режимин бузгандыгы үчүн айыптап, өзгөчө бул Алеппо шаарынын чет жакасында орун алып жаткандыгын белгилешти.

Дүйшөмбүдө бир нече оппозициялык куралдуу топтор биргелешкен билдирүү таратты. Анда алар Башар Асаддын армиясынын иш-аракеттерине жооп иретинде Латакия жана Хама провинцияларында чабуулга өтө тургандыктарын жарыялашкан.

Сирияда ок атышпоо туурасындагы макулдашуулар февралдын аягында күчүнө кирген. Анткен менен мунаса алгачкы күндөн тартып эле бир нече жолу бузулган болчу. Жаңжалга тартылган тараптар келишимдин сакталбагандыгына бири-бирин айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG