Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилердин өтмөгү табылды


Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун жолдун Кыргызстан тараптан чыккан жери табылды.

Узундугу 110 метр, бийиктиги жарым метрден бийик өтмөк боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары бирдиктүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын бир учу Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылынын жашоочусунун үйүнөн табылган.

Бул тууралуу 19-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди. Иликтөө иштерин Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзүүдө.

Өткөн айдын соңунда Өзбекстандын күч органдары Фергана облусунун Алтыарык районундагы чек ара аймагынан жер астындагы өтмөк табылганын, кошуна жашаган кыргыз-өзбек жарандары ошол өтмөк аркылуу алыш-бериш кылып турган болушу ыктымалдыгын айтып чыккан эле. Андан бери жашыруун жолдун Кыргызстандагы учу изделип жаткан.

Тараптар бул жолду аткезчилер пайдаланып жүргөн деп божомолдошууда. Мурдараак өзбек бийлиги туннел экстремисттик максатта колдонулуп жүргөн болушу ыктымалдыгын да билдирген.

XS
SM
MD
LG