Ссылки доступа

НАТО Москва менен орусиялык учактын Балтикадагы “кылыгы” туурасында сүйлөшмөкчү


Бүгүн Орусия-НАТО Кеңешмесинин отурумунда орусиялык аскерий учактардын Балтика деңизиндеги америкалык “Дональд Кук” кемесине өтө жакын учуп барып, опурталдуу жагдай жараткан аракети талкууга алынат.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг америкалык чалгындоо учагы менен ракета ташыган кемеге өтө жакын учуп барган орусиялык учактардын “кылыгы” талкуулана тургандыгын билдирди.

Вашингтон өткөн жумада жасалган бул иш-аракеттерди агрессивдүү жүрүм-турум катары баалаган.

Столтенбергдин пикиринде, кесиптик ченемдердин жана коопсуздук эрежелеринин сактабагандыгы, аскерий байланыш линияларынын ачык болушу, күтүүсүздүктү жана тобокелдикти азайтуунун маанилүү экендигинен кабар берет.

Брюсселде элчилердин деңгээлинде өткөрүлүп жаткан бул жолугушууну алгачкы кеңешме десе болот. Анткени НАТО Орусия Крымды басып алгандан кийин Москва менен болгон бардык кызматташтыгын токтоткон.

Столтенберг Ооганстан жана Украинадагы кырдаал талкуулана тургандыгын билдирди. Орусия колдогон жикчилдер менен Киевдин ортосундагы согуштук кагылышуудан 2014-жылдан бери 9 миңден ашуун адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG