Ссылки доступа

Армения: Назарбаевдин атын алып жүргөн көчөнүн ысымы өчтү (видео)


В армянском селе – без Назарбаева
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

В армянском селе – без Назарбаева

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы Армениянын Арич айылындагы борбордук көчөнүн аталышынан алынып салынды. Азырынча көчөгө жаңы ысым бериле элек.

Арич айылдык администрациясынын башчысы Роланд Назаретяндын айтымында, аталган көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө чечим өткөн жумадагы айыл аксакалдарынын кеңешинин отурумунда кабыл алынган.

"Биз туура эле кылдык деп ойлойм. Анткени Назарбаев Арменияга келбей койду. "Азербайжандар – биздин бир тууганыбыз, армяндар аларды өлтүрүп жатышат” деди. Муну кандайча түшүнсө болот?”, – дейт ал.

Айылдагы жергиликтүү китепканада Назарбаевге арналган атайын бурч бар болчу. Назаретян ага эч ким тийбегендигин, бирок дубалдагы чоң сүрөт алынып салынгандыгын айтты.

Бул айылдагы көчөгө Назарбаевдин ысымы эки элдин ортосундагы достук мамиленин урматына 1995-жылы берилген.

В армянском селе – без Назарбаева
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

XS
SM
MD
LG