Ссылки доступа

Парламент төраганы шайлай алган жок


Жогорку Кеңеш бүгүн төрагасын шайлай алган жок. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Исаевге 51, Төрөбаевге да 51 добуш тийди.

Добуш берүүгө 119 депутат катышты, 3 бюллетень жараксыз болуп калды.

14 депутат экөөнө тең каршы добуш берди.

Эсеп комиссиясынын жетекчиси Мирлан Жээнчороевдин билдиргенине караганда, эми жаңы талапкерлер тандалып, жаңы шайлоо өтөт.

Спикерлик кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Алар: «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.

XS
SM
MD
LG