Анын айтымында, эгер юридикалык жактын 70 пайыз үлүшү жергиликтүү, ал эми 30 пайызы чет элдик болсо, анда компания аукционго катыша алат. Бирок алар тыкыр көзөмөлгө алынат.
Чет элдик инвестицияны тартуу үчүн пайдаланылбаган айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу сатуу демилгеси социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Айрым шаарларда активисттер каршылык акцияларын өткөрүүгө камданышууда. Буга чейин бул сыяктуу митинг Астанада өткөн.
Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2016-жылга карта мамлекеттик фондго үч миллион гектардан ашык пайдаланылбаган айыл чарба жерлери кайтарылып берилген.