Ссылки доступа

Обама Персия булуңундагы өлкөлөр Иракка жардам беришине кызыкдар


АКШ президенти Барак Обама Сауд Арабия жана Персия булуңундагы өлкөлөрдү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштү күчөтүп, согуштан жапа чеккен Иракты калыбына келтирүүгө жардамдашууга чакырды.

Эр-Риядга болгон сапарында Обама Сауд Арабиясынын падышасы Салман менен анын хансарайында жолугушту.

Бул арада АКШ коргоо министри Эштон Картер Персия булуңундагы өлкөлөрдүн жыйынында Иракты экономикалык жана саясий колдоого алууга чакырды. Бул жолугушууга Сауд Арабия, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Катардын мамлекет башчылары катышууда. Пентагон жетекчиси АКШ аталган өлкөлөр менен биргеликте Иран тараптан келе турган коркунучка каршы турууга даяр экендигин билдирди.

АКШ президенти Барак Обама Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бен Заид аль-Нахайян менен да жолугушту. Ал аны менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга байланышкан маселени талкуулады. Обама менен ханзаада Йемендеги кырдаалды жөнгө салуу жана Ливиянын жаңы өкмөтүн колдоо туурасында макулдашышты.

XS
SM
MD
LG