Ссылки доступа

TeliaSonera Гүлнаранын айынан өз аталышын өзгөрттү


Бул жумада Өзбекстан президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага пара берген деп шектелип жаткан TeliaSonera швед телекоммуникациялык компаниясы өз аталышын өзгөртүүнү чечти.

Эми компания Telia Company деп атала турган болду. Акционерлердин 19-апрелде өткөн чогулушунда компаниянын таза кирешеси 2016-жылдын биринчи чейрегинде 4,9 пайызга түшүп кеткендиги айтылган.

Дал ушул чогулушта компаниянын Өзбекстандагы жемкорлук жаңжалды эске салган аталышын өзгөртүү туурасында чечим кабыл алынган.

Компания Каримовдун улуу кызына 2007-жылы Өзбекстандын телекоммуникациялар базарына кирүү максатында 350 миллион доллар өлчөмүндө пара берген деп айыпталууда. Бул коррупциялык жаңжалды Швеция, АКШ, Голландия жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн тергөө органдары иликтеп жатышат.

Швециянын Башкы прокуратурасынын Коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Гуннар Стетлер "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргендей, бул иш ушул жылдын күз айларында сотко өткөрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG