Ссылки доступа

Украина элчилиги кыргызстандыктардын Крымда ишке орношуусуна нааразычылык билдирди


Украинанын Кыргызстандагы элчилиги Миграция кызматынын Крымга жарандарды жумушка орноштуруу аракети боюнча билдирүү таратты. Анда “убактылуу оккупацияда турган” Крымга кыргызстандыктарды ишке орноштуруу кыргыз-украин алакасына доо кетире турганы айтылган.

Ошондой эле элди Крымга ишке орноштуруу тууралуу макулдашуу Крым жарым аралын Орусиянын курамына киргизүүнү мыйзамдаштыруу боюнча эл аралык кадамдардын бири катары колдонулушу ыктымалдыгы белгиленген. Мындан улам кыргыз бийлигин аймактык бүтүндүк, улуттун эгемендиги, чек аралардын кол тийбестиги боюнча эл аралык укуктарды сактоого чакырды. Чет элдиктер Крымга Украинанын уруксаты менен гана мыйзамдуу кире аларын, өлкөнүн Орусия аннексиялап алган аймагына эреже бузуу менен киргендер жоопко тартыларын эскерткен.

21-апрелде Кыргызстандын Миграция кызматы Ялта шаарындагы мейманканалардын бирине 500 жаранды жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган .Крым менен сүйлөшүү соңку кезде Түркияга жумушчу күчү азыраак талап кылына баштаганына байланыштуу жүргүзүлгөн.

Украинанын Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы мартта референдум өткөрүп туруп аннексиялап алган. Дүйнө коомчулугу анын жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG