Ссылки доступа

Өзбекстан: 30 мүнөт ичинде бизнести каттоо


Өзбекстандын соода-өндүрүштүк палатасы “Өзбекстан бизнес-форуму” долбоорунун колдоосу менен бизнести каттоо тутумун кескин өзгөртүүнүн үстүндө иштөөдө.

Gazeta.uz со басылмасы билдиргендей, президенттин 2015-жылдын 15-майындагы жарлыгына ылайык, ишкердик субъектилерди мамлекеттик каттоого алууну түп-тамырынан өзгөртүүгө камданышууда.

Сунушталып жаткан тутумга ылайык, ишкананы онлайн түрүндө 30 мүнөттүн аралыгында каттоого алууга болот. Ишкер каттоого алуучу органга барбай эле, аралыкта туруп, төлөмдөрдү жүргүзө алат.

Бул жол аркылуу “Бизнести каттоо” индикатору боюнча республиканын эл аралык рейтинги жогорулайт тургандыгы жарыяланды.

Дүйнөлүк банктын соңку отчету боюнча Өзбекстан “Бизнести каттоо” рейтингинде 42-орунда турат. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 22 позицияга жогору дегенди билдирет. Бизнести каттоо тартиптери жана убакытсы кыскарган.

XS
SM
MD
LG