Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти: кайрадан эле аргымактар...


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун “Аргымактын шайдоот басыгы” аттуу жаңы китеби жарык көрдү.

Бул китеп 21-апрелде баш калаадагы ат оюндар боюнча спорттук комплексте өткөн майрамдык иш-чаралардын катышуучуларына тапшырылган. Китептин расмий бет ачары маданият борборлордо, коомдук бирикмелерде жана окуу мекемелеринде өттү.

Бердымухамедов бул күн ал үчүн тарыхый мааниге ээ кендигин белгиледи.

Түркмөнстан президенти 36 китеп жазган. Анын ичинде «Ахалтекин аргымагы – биздин сыймыгыбыз жана атак-даңкыбыз” чыгармасы да бар. Түркмөн басылмаларында президент күлүк аттарды жакшы билген жана баалай алган чебер катары сыпатталат.

2010-жылы өлкөдө Ахалтекин жылкы өстүрүү эл аралык ассоциациясы негизделип, Бердымухамедов анын жетекчиси болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG