Ал ортодо сириялык Алеппо шаарындагы ок атышуудан кеминде 26 адам набыт болду.
Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча сириялык борбор кабарлагандай, көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн райондогу базарды аткылоо учурунда 12 адам каза тапкан. Алардын арасында жаш балдар да бар. Алеппонун өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн башка районундагы аткылоо учурунда 10 адам мерт болгон.