Ссылки доступа

Тажикстанда аюулар адамга кол салган учурлар көбөйүүдө


Аюу Дарваз районунун тургунуна кол салып, 35 баш жандыкты жара тартып өлтүргөн.

Дарваз районунун Нулванд жамаатынын төрагасы Аловуддин Афгоновдун айтымында, жырткычтын кол салуусунан жергиликтүү тургун Махмадназар Худоиев оор жараат алган. Бул туурасында ал бүгүн "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. «Бирок азыр Махмадназар бир аз басканга жарап калды”, - деп кошумчалады ал.

Кол салуу Зигар кыштагындагы жайлоодо болгон. «Махмадназар тоого мал жаюу үчүн барган. Аңгыча эле ага эки мамалагы менен ургаачы аюу кол салган”, - дейт Афгонов. Жараат алган жаш жигитке жакын арадагы чабандар жардамга келбесе, аман калышы күмөн болмок.

Соңку мезгилде аюулардын малга кол салуусу күчөп баратат. Акыркы айда эле алар 25 кой-эчки жана 10 уйду жара тартып кетишкен. "Аюулар көбүнчө Зигар менен Зак айылдарындагы жайлоолордо түн жамынып кол салышат. Алардын айынан 10 үйдүн малы калган жок. Кой-эчкинин маараган же уйлардын мөөрөгөн үнүн укса эле аюулар жетип келип кол салышууда”, - дейт Афгонов.

Айылдыктар жергиликтүү мергенчилерден турган атайын топ түзүп, турак-жайы менен малын аюулардан коргомой болушту.

Тоолуу аймактарда жырткычтардын адамдарга кол салып жаткандыгы туурасында буга чейин эле маалым болуп келген. Үч жыл мурун Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда аюу өспүрүмгө кол салып, ал оор жараат алган болчу.

XS
SM
MD
LG