Ссылки доступа

Казакстан: наристени өлтүргөн адам 12 жылга кесилди


Тараз шаарында сот Байзак районунун Бурыл айлындагы кичинекей баланын өлүмү боюнча айыпталып жаткан жаранга  өкүм чыгарды.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, Жамбыл облусунун район аралык соту Дурсун Каваз-оглыны киши өлтүрүү жана каракчылык беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга түрмөгө кести.

Сот Азамат Тлепов билдиргендей, айыпталуучу кармалган маалда жашы 18ге толо элек болчу. Андыктан бул эң эле жогорку жаза мөөнөтү болуп эсептелет.

15-февралда Бурыл айлында зордук менен өлтүрүлгөн баланын сөөгү табылган. Эки күн бою кыштакта толкундоолор болуп, улуттар аралык жаңжалга жол бербөө максатында полиция кызматкерлери тартылып, көчөлөрдү атайын кызматтын аскерлери кайтарып турушкан.

Шектүү адам окуя болгондон кийинки күнү кармалган. Полиция кылмыш тиричилик мүнөздө болгонун, үй-бүлөнүн мүлкүн уурдоо менен коштолгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG