Ссылки доступа

Орусия Сириядагы оппозицияга чабуулун жандантты


Орусия авиабазасы Сириядагы оппозициялык күчтөрдү кайрадан бомбалай баштады. Бул туурасында шейшембиде америкалык маалымдоо каражаттары Сириядагы эл аралык коалициялык күчтөрдүн өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Коалициялык күчтөрдүн командачысынын орун басары, генерал Питер Герстен маалымдагандай, орус аскерлери Алепподон Пальмирага чейинки аймактарды бомбалаган.

Кошмо Штаттардын колдоосуна ээ, байыстуу оппозиция дагы бул аба соккуларына дуушар болууда. «Биз болгону четтен көз салып турабыз. Орустар менен бар болгон мамилебиз ушул”, - дейт Питер Герстен.

Foxnews телекомпаниясынын маалымдашынча, бул аба соккулары убактылуу элдешүүнүн шарттарын бузууда.

Өткөн жумада АКШ менен Орусия президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда Барак Обама Владимир Путинди сирия бийлигине аба соккуларын токтотуу үчүн кысым көрсөтүүгө чакырган. Москва болсо орусиялык аба соккулар «Аль-Каидага» байланышкан «Фронт аль-Нусра» радикалдуу тобуна багытталганын айтууда.

XS
SM
MD
LG