Ссылки доступа

FH: дүйнөдөгү сөз эркиндиги эң төмөнкү деңгээлге түштү


АКШда орун алган укук коргоочу уюмдун айтымында, дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги акыркы 12 жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге кептелди.

Казакстан бул иликтөөдө эркин эмес мамлекеттердин катарын толуктайт. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузия, Украина жана Молдова жарым-жартылай эркин республикалардын тизмесине кирди.

Уюмдун бүгүн жарыялаган баяндамасына ылайык, Жакынкы Чыгыш жана Түркияда сөз эркиндигине кысым жасалган учурлар арбын.

“Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги-2016: доминанттуу месседж” аталышындагы баяндамада Сирияда өткөн жылы кеминде эле 14 журналист өлтүрүлгөнү белгиленет. Журналистер үчүн ал жак эң кооптуу чөлкөм аталган. Мындан тышкары Түркияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан жан таслим болду делген үч сириялык журналист жөнүндө дагы айтылат.

Баяндамада Түркия өкмөтү ММКга чабуул жасоо үчүн бардык коркутуу ыкмаларын колдонгонун белгиленет. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга акаарат келтирген бир нече журналист, блогерге тагылган айыптар жөнүндө сөз болот.

XS
SM
MD
LG