Ссылки доступа

Тажикстан президенти экстремизм менен күрөшүүгө чакырды


Тажикстан президенти Нурек шаарынын тургундарынын арасында экстремизм жайылып бараткандыгына кабатыр болуп жаткандыгын айтты. Бга чейин нуректик 26 тургун чет жактардагы согуш майданында жүргөндүгү белгилүү болгон.

Президент Эмомали Рахмон мындай пикирин Нурек шаарындагы орто мектептин ачылышында сөз сүйлөп жатып ачыктады. Ал айрым жооптуу адамдардын ишинин натыйжасыздыгынан, ата-энелер балдарга тийиштүү көзөмөл кылбагандыктан, экстремисттик идеологияга берилип кеткен жаштардын саны көбөйүп баратканына токтолду.

Буга Хатлон облусунун, анын ичинде нуректиктердин арасында улуттук жана маданий дөөлөттөр эмес, экстремисттик жана ырымчыл көз караштар жайылтыла баштаганыны себепчи экенин белгиледи президент.

Рахмон Нуректи тажик энергетиктеринин шаары деп атап, анын жашоочуларын мындай көрүнүшкө каршы күрөшкө салым кошууга чакырды. Анын пикиринде, экстремизм адамзатка чоң коркунуч туудурат, ал – бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук үчүн опурталдуу болгон чыныгы кылым трагедиясы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG