Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм кабарлагандай, бүгүн Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнө жасалган аба соккудан дагы 20дан ашуун адам өлүп, акыркы бир суткада мерт болгондордун саны 61ге жетти.
Мунун алдында өткөн түнү Чек арасыз дарыгерлер уюму билдиргендей, Алеппо шаарынын козголоңчулар карамагындагы бөлүгүндө ооруканага бомба таштоодон кеминде 20 киши мерт болгон. Бирок Сирия армиясы ооруканага алар атайылап сокку урду деген ырастоолорду четке какты.
Алепподо президент Башар Асаддын Орусия колдогон күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда уруш кайра 22-апрелден тарта жанданган. Андан бери өмүрү кыйылган жөн-жай тургундар саны 150дөн ашып калды.