Ссылки доступа

Түндүк Корея кайрадан ташыгыч ракетасын сынады


Пхеньян ядролук дүрмөттөрдү жеткирүүчү жабдууларды жаратуунун үстүндө ишин улантууда.

АКШнын Азия жана Тынч океандагы базаларына чейин учуп барууга жөндөмдүү ташыгыч ракетасы көккө кое бергенден бир нече секунд өтпөй жерге кулады. Түндүк Кореянын аскерлери бир суткада эки жолу “Мусудан” үлгүсүндөгү орто аралыкта учуучу баллистикалык ракетаны ишке киргизип, бирок ийгиликке жетишкен жок. Reuters кабарлагандай, бул сындуу ракеталар үч миң чакырым аралыкка учууга кудуреттүү.

Бул ийгиликсиз аракеттер 6-майда өтө турган башкаруучу “Эмгек” партиясынын съездин утурлай уюштурулган.

Буга чейин “Мусуданды” 15-апрелде сынашкан болчу. Ал Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүнө багышталган. Анда учуруу ийгиликсиз болгондугуна карбай, БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянды санкциялар менен коркуткан.

Түндүк Корея ядролук куралдарын 2006, 2009, 2013-жылдары сынаган. Акыркы жолу ушул жылдын январь айында Пхеньян суутек бомбасын сынай турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG