Ссылки доступа

Бишкек 138 жылдыгын белгилөөдө


Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин күнү белгиленүүдө .Быйыл борбор калаанын негизделгенине 138 жыл болду.

Майрамдын урматына карта шаардык мэрия бир катар иш-чараларды уюштурду.

Көк-Жар, Кайыңды жаңы конуштарында жаңы бала бакчалар ачылат. Опера жана балет театрында №6 гимназиянын 80 жылдыгы белгиленет, парктарда, аянттарда майрамдык оюн-зоок, спорттук таймаштар уюштурулат. Салтанат Эмен сейил багында өтүүчү концерт менен коштолот.

Жакында эле Үрүмчү шаарынан белекке тартууланган 10 жаңы автобус жолго чыгат.

Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон куранттан бүгүнтөн тарта ар бир саат сайын комуздун фонунда ойнотулган ооз комуздун ыргактары угулуп турмакчы.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы шаар күнүнө арналган флеш-мобдун видеосун жарыялаган.

Бишкек отмечает 138-й день рождения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG