Ссылки доступа

Түрк парламентинде «күрд маселеси» үчүн мушташ чыкты 


Түркиянын Улуу улуттук чогулушунда (парламент) түркиялык укук коргоо органдарынын террорчулукка каршы ишин талкуулоо учурунда жаңжал жаралып, ал мушташка айланды.

Күрдчүл Rudaw сайты билдиргендей, окуя башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен өлкөдөгү күрддөрдүн кызыкчылыгын коргогон Демократиялуу элдер партиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда орун алган.

Демократтардын мүчөсү Ферхат Энжу жыйында укук коргоо органдары террорчулукка каршы операцияларында жайкын тургундарды да өлтүрүп жаткандыгын билдирген. Депутаттын: «Мен атайын күчтөрдүн колунан балдар да ажал таап жаткандыгына өкүнөм”, - деген сөзү башкаруучу партиянын өкүлдөрүнүн кыжырына тийип, алар аны террорчу деп атаганга чейин барышкан.

Энжу Силопи шаары менен Робоски айылынын ракеталардан набыт кеткен жашоочулары жөнүндө айтып жатканын билдирди. Парламент спикери анын сөзүн токтотуп койгондон кийин депутат ордуна барып отурайын дегенде ага президенттин партиясынын өкүлдөрү кол салган. Айтышып-тартышуу учурунда мушташ чыгып кеткен.

Түркия менен Сириянын чек арасынан өтөм деп 18 күрд активисти каза тапкан. Алар “Демократиялык кошуун” уюмунун мүчөлөрү болуп саналат. Түркияда бул террордук уюм деп таанылган.

XS
SM
MD
LG