Ссылки доступа

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда


Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары тарабынан даярдалып жаткан чагым туурасында жарыялады. Украинанын Коопсуздук кызматы берген маалыматтарга караганда абал кооптуу экендигин билдирди.

Анын айтымында, тышкы душмандардан башка Москва менен байланышы бар “жемкорлор жана жергиликтүү мафиялар” дагы чагымчыл иш-аракеттерди уюштурууга кызыкдар.

Саакашвили саясатчыларды 2014-жылдын 2-майындагы трагедиялуу окуялардын жылдыгын саясий максатта колдонбоого чакырды. “Албетте, тыюу сала албайбыз, өлкөдө сөз эркиндиги бар. Бирок биз муну алардын абийирине койдук”, - деди губернатор.

Бул арада ал эгер жаңжал жаралса, аралыктан ок атуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук берилген деген маалыматты четке какты. Саакашвилинин айтымында, күч түзүмдөрү шаардагы коопсуздукту тынч жагдайда, мыйзамдуу жолдор менен көзөмөлгө алат.

2014-жылдын 2-майында Одессада “Украинанын биримдиги үчүн” маршынын катышуучулары менен Майдандын каршылаштары кагылышкан. Башаламандык учурунда Профсоюз үйү өрттөнүп, 40тан ашуун адам көз жумган.

XS
SM
MD
LG