Ссылки доступа

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды


Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши жаракат алганын өлкөнүн коопсуздук кызматы кабарлады.

Биринчи жардыруу түшкө жуук шаардын борборундагы автобус аялдамасында болгон. Андан беш мүнөт өтпөй 400 метрдей аралыкта дагы бир бомба жарылган.

Бир күн мурда, 30-апрелде Багдаддын чет жакасында миналанган автоунаа жарылуусунан кеминде 23 адам ажал тапкан. Бул чабуулдар үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Аталган террордук топ Ирактын түндүгү менен батышындагы бир канча суннит райондорун басып алган.

XS
SM
MD
LG