Ссылки доступа

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн


Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы шылуунчулук жана акча талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алдын-ала тергөө көрсөткөндөй, бул селки “0990” уюлдук телефону боюнча чалуулар программасын колдонуп, үнүн эркектикиндей кылып өзгөртүп, ар кандай кыздар менен таанышкан. Андан соң алардан сүрөт салууну суранган. Кийинчерээк акча салбасаң абийириңди төгөм деп коркуткан. Эми Лутфуллозода 13 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. «0990» чалуулар программасы электрондук робот аркылуу үндү эркектикине, аялдыкына же жаш баланыкына өзгөртө алат.

Аталган райондун ИИБ жетекчиси Фирузшох Одиназода маалымдагандай, Икболмох көбүнчө өзүн Мухаммад деп тааныштырып, кыздарды өзүн сүйдүргөнгө аракет кылган.

«Кыздардын сүрөтүн алган соң, Икболмох аларды акча салбасаң жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү социалдык түйүндөргө чыгарам деп коркуткан. Бир эле кыздан ал 3 миң сомони акча өндүргөн. Андан башка курмандыктарынын саны бир топ экени аныкталды”, - дейт Одиназода. Лутфуллозода ушул жылдын апрелинин башында бир нече кыз арыздангандан кийин кармалган.

Икболмох Лутфуллозода мектепти аяктаган соң эч жерде окубай, иштебей жүргөн. Туугандары болсо анын “уюлдук телефонго азгырылып” жүргөндүгүн байкаган эмеспиз дешүүдө. Агасы Хуршед Ходжаев карындашы дайыма үй иштери менен алектенгенин, анын колунан эч качан телефон көрбөгөндүгүн айтууда.

XS
SM
MD
LG