Ассошиэйтед пресс агенттиги билдиргендей, алар бийликке каршы чакырыктарды жүргүзгөн деп айыпталууда. Эки журналист иштеген оппозициялык сайтта Египеттин президенти Абдель Фаттах Сисини сындаган макалалар жарыяланып турган.
29-апрелде Амр Бадр полиция үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Кийинки күнү журналисттердин ассоциациясында отуруп алып каршылык көрсөтө баштарын маалымдашкан эле.