Ссылки доступа

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал


Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн терроризм менен күрөшүүдө негизги курал болот. Бул туурасында АКШ президенти Барак Обама CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

Телекөрсөтүү “Аль-Каида” террордук тобунун башчысы Усама бин Ладенди жок кылуу операциясынын беш жылдыгына арналган. Обама болочоктогу бeл сындуу акцияларда үлгү болуп каларын болжолдоду.

Президенттин айтымында, Американын терроризмге каршы аракеттеринин натыйжасында “Аль-Каида” өңдүү террордук топтордун АКШ аймагындагы ири операциялары кыскарды. Ага карбай радикалдуу идеологиянын тамырын толугу менен кыркуу мүмкүн болбой жатат.

Обама дүйнө коркунучта кала берип жаткандыгын, Жакынкы Чыгыш мурдагыга салыштырмалуу чар жайыт абалга кептелгенин моюнга алды.

XS
SM
MD
LG