Ссылки доступа

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды


Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун тандоосу” рубрикасына кирүүгө 29-апрелде бөгөт коюлган. Ал жерге “Кытайдан чочулоо адамдарды көчөгө чыгарды” деген макала жайгаштырылган.

Макалада Казакстандын Атырау, Актөбө жана Семей шаарларында миңдеген адамдар чыккан нааразычылык акциялары сүрөттөлгөн. Негизи мындай көрүнүш аталган өлкөдө сейрек кездешет, анткени бийлик буга чейин ага жол бербей келген.

Акциянын катышуучулары президент 2015-жылдын ноябрында кол койгон Жер кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы болушкан. Жаңы редакцияга ылайык, чет элдиктер айыл чарба жерлермн 25 жылга ижарага алса болот. Казакстандыктар жерди ижарага алган кытайлыктар аз-аздап ага толук ээлик кылып алат деп чочулоодо.

Негизи эле өзбекстандык бийлик салттуу түрдө мурунку советтик өлкөлөрдөгү толкундоолор, митингдер жана ыңкылаптар жөнүндө маалыматтарга бөгөт коюп келген.

Ошол эле мезгилде Өзбекстандын өзүндө болуп жаткан окуялар туурасында сын пикирдин же калыс көз караштардын ММКда чагылдырылышына жол берилбейт. Алардын катарында Би-Би-Cи жана“Азаттыктын” өзбек кызматтары бар.

XS
SM
MD
LG