Ссылки доступа

Оксана чоң эне - Өзбекстандын Олимпиададагы үмүтү (видео)


"Бабушка Оксана" – Олимпийская надежда Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

"Бабушка Оксана" – Олимпийская надежда Узбекистана

Гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Оксана Чусовитина Өзбекстандын курама командасы менен Рио-де-Жанейрого барат. Бул анын 25 жылдык карьерасындагы жетинчи Олимпиадасы. Спортчу айым жеңиш үчүн күрөшүүгө дилгир.

Ушул жылы Оксана 41 жашка толот. Ал Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң улуу гимнаст болуп калмакчы.

Спорттогу кесиптештери аны тамашалап, “чоң эне” деп коюшат. Гимнаст аны түшүнүү менен кабыл алат. Бирок спорт секисинде кары-жашына карбай, баары бирдей деген көз карашта.

Гимнаст Өзбекстанда төрөлгөн. Бир нече жыл Германиянын курама командасында оюн көрсөткөн. Бул жолу Рио-де-Жанейродо өтө турчу Олимпиадада ал Өзбекстандын туусу алдында чыгат.

"Бабушка Оксана" – Олимпийская надежда Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

XS
SM
MD
LG