Ссылки доступа

Баатыр шаар Киевдин мемориалына гүл коюлган жок


Киев - экинчи дүйнөлүк согуштагы ролу үчүн баатыр наамы берилген 12 шаардын бири. Москвадагы ага арналган мемориалга гүл коюлбай калгандыгын көп сандаган блогчулар жазып чыгышты. Алар өз баракчаларына гүл коюлбаган эстеликтин сүрөтүн жүктөшкөн.

Ошентип, фашисттерге каршы күрөштө каармандык көрсөткөн бардык “баатыр-шаарларга” тургузулган эстеликтердин алдына жылына Улуу Жеңиш күнүн утурлап гүл коюу салты бузулуп отурат.

Башка шаарлардын эстеликтеринин алдына гүлчамбарларды кремлдегилер койгонбу, же шаар чарбалык кызматы алып келгенби же бул жөн-жай ыктыярчылардын ишиби - анык эмес.

Айрым интернет колдонуучулар муну Москва менен Киевдин ортосундагы салкын мамилеге байлап жатышат.

Ошол эле мезгилде Украинадагы Одесса баатыр шаарына тургузулган эстеликтин алдында гүлчамбар бар экендиги кызык.

XS
SM
MD
LG